Кыргызстанда 14 резидент эмес адамга пенсия дайындалды
Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсия менен камсыз кылуу келишиминин алкагында Социалдык фонд тарабынан 14 жаранга пенсия дайындалды. Бул тууралуу фонддун сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь-август айларында Россия Федерациясынын 12 жаранына жана Казакстан Республикасынын 2 жаранына пенсия дайындалды.
Эске салсак, келишим 2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген.