Кыргызстанда пенсиялык карталарды 18 коммерциялык банк тейлейт

2 сентября 2022, 14:26

Кыргызстандын Социалдык фонду пенсиялык картаны жана пенсионерлердин карта эсебин тейлөө боюнча келишим түзүлгөн коммерциялык банктардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу фонддун сайтында жазылды.

Маалыматка ылайык, 18 банк менен келишим түзүлгөн. Атап айтканда:

  • «Айыл Банк»

  • «Бай Түшүм»

  • «БАКАЙ БАНК»

  • «Банк Азии»

  • «Банк Компаньон»

  • «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»

  • «Дос-Кредобанк»

  • «Капитал Банк»

  • «Коммерческий Банк Кыргызстан»

  • «Керемет Банк»

  • «Кыргызкоммерцбанк»

  • «Кыргызский Инвестиционно-Кредитный Банк»

  • «Оптима Банк»

  • «РСК Банк»

  • «ФинансКредитБанк»

  • «ФИНКА Банк»

  • «Халык Банк Кыргызстан»

  • «ЭкоИсламикБанк».