Кыргызстанда 2 миң 800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

15 июля 2022, 15:32

Кыргызстанда калкты жакырчылыктан чыгаруу боюнча социалдык долбоордун алкагында 2 миң 800 үй-бүлөгө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди.

“Февраль айында Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Нарын облусунун Жумгал районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган социалдык контракт долбоору ишке киргизилип, анын алкагында үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилди. Бүгүнкү күндө бардык долбоорлор ийгиликтүү болду, эми бул долбоор бүтүндөй республикага жайылтылат”, - деди министр.

Бул максаттарга бардыгы болуп 292 миллион сом бөлүнөт.