Кыргызстанда 39 чет элдик компания «Google салыгын» төлөп жатат

3 апреля 2023, 14:03

Кыргызстанда “Google салыгы” менен бюджетке каражат түшө баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бир жылда электрондук түрдө кызмат көрсөткөн 39 чет элдик компания аралыктан салыктык каттоодон өтүшкөн. Алардын арасында Amazon, Google, Netflix сыяктуу белгилүү ишканалар бар.

Эске салсак, былтыр өлкөдө электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк компанияларга 12 пайыз кошумча нарк салыгы киргизилген.