Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоору активдүү фазада ишке ашырылууда

1 февраля 2022, 15:50

2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде министрлер кабинети тарабынан насыялоо аркылуу аялдар ишкерлигин колдоо максатында 2022-2026-жылдарга Кыргызстанда аялдар ишкерлигин өнүктүрүү жана колдоого алуу боюнча программа бекитилген.

Мындан тышкары, учурда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча жалпы суммасы 1 млрд доллардан ашуун 55 долбоор активдүү фазада ишке ашырылууда.

“Алматы – Ысык-Көл альтернативдик жолунун курулушу” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун даярдоо боюнча иштер башталды. Жаңы жол аймактын экономикасын өнүктүрүүнүн куралы болуп бере алат, анткени ал туристтик агымдын көбөйүшүнө жана инвестиция тартууга түрткү берет.

Энергетика тармагында Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айыл аймагында кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станцияларын куруу демилгеси көтөрүлүп, Франциянын TOTAL Eren компаниясы менен күн жана шамал станциялары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүүлөр жүрүүдө.