Кыргызстандагы банктар жөнгө салуучу органдар менен секторду өнүктүрүүнү талкуулашты

20 ноября 2021, 09:14

Банкирлер жана көзөмөлдөөчү органдардын өкүлдөрү 19-ноябрда Кыргызстандын банк тармагын өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

Жолугушуу Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. Иш-чараны “Кыргызстан банктар союзу” юридикалык жактар бирикмеси уюштурган.


Катышуучулар банк тармагындагы эң маанилүү маселелерди талкуулашты. Алардын арасында акча рыногун андан ары өнүктүрүүгө, банк тутумунда туруктуулукту сактоого жана COVID-19 менен байланышкан кризистин кесепеттерин жумшартууга, банктык кызматтарды санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, ошондой эле банк ишин жөнгө салууну жакшыртууга арналган.