Мейманканалардын жана ресторандардын кирешеси 2,7 млрд сомго көбөйдү

26 октября 2021, 11:51

Быйылкы жылдын январынан сентябрына чейин мейманканалар жана кыска убакытка жашоо үчүн жайлар, ошондой эле коомдук тамактануучу жерлер, анын ичинде мобилдик жана башка тамак-аш менен камсыздоо кызматтардын көлөмү 12 миллиард 65,4 миллион сомду түздү, деп жазады Улуттук статистикалык комитет.

Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард 703 миллион сомго же 18,8%га көп.

Мекеменин маалыматы боюнча, бул багыттар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн көбү Бишкек шаарында – 5,9 млрд сом суммасында көрсөтүлгөн. Экинчи орунда Ош шаары турат — 1,6 миллиард сом. Кызмат көрсөтүүлөрдүн эң азы Нарын районундагы мейманканалар, кафе-ресторандар тарабынан болуп, тейлөөнүн көлөмү 32 млн сомду түздү.

Бул сумманын негизги үлүшү – 11 миллиард 224 миллион сому ресторандар, барлар жана башка коомдук тамактануу пункттары, анын ичинде мобилдик жана башка тамак-аш кызматтары көрсөткөн кызматтардын көлөмүнө туура келет. Мейманканалар жана кыска мөөнөттүү жайгаштыруучулар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмү 820 миллион сомду түздү.