Өлкөдө жумуртканын көбү Чүй облусунда өндүрүлөт

3 мая 2022, 11:39

Ушул жылдын үч айында Кыргызстанда 106 миллион 18 миң 400 даана жумуртка өндүрүлгөн. Эң көбү - 71 миллион 628 миң 600 даана Чүй облусунда өндүрүлгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Жумуртка эң аз Нарын облусунда (755,2 миң), Ошто (309,4 миң) жана Бишкек шаарында (141 миң) өндүрүлгөн.

Өткөн жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 2022-жылдын үч айында өлкөдө жумуртка 1,5%га көп өндүрүлгөн.