Кыргызстанда таксилерге лицензия берилет

8 декабря 2021, 12:28

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш-чараларды тартипке келтирүү максатында таксилерди лицензиялоо киргизилет. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Лицензиялоо функциясы Ички иштер министрлигине жүктөлөрү маалым болду.

Муну менен бирге мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын штаттык санын көбөйтүү жана “Унаа” мекемесин ИИМдин карамагына өткөрүү да каралган.