Товардык сектордогу соодада кант 0,5%га кымбаттады

8 ноября 2022, 17:49

Кыргыз фондулук биржасынын товардык секторунда кумшекер сатуу боюнча жаңы билдирме жарыяланды. Сунуштун көлөмү 30 тонна, сатуучу “Кайыңды-Кант” заводу.

Комбинат 2 миллион 394 миң сомдук киреше табууну көздөөдө. Ага ылайык, шекердин бир килограммынын наркы 79,8 сом деп белгиленди.

Белгилеп кетсек, быйыл октябрдын аягында жабылган ушул сыяктуу сунушка салыштырмалуу канттын баасы 0,5%га (79,4 сомго) кымбаттады.