Өлкөдө COVID-19 менен ооругандардын саны 4,7 эсе азайды

9 декабря 2022, 14:39

Ушул жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын 21 855 учуру катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 4,7 эсеге аз. 

Ошол эле учурда, былтыркыга салыштырмалуу быйыл 100 миң адамга карата оорулардын саны 4,8 эсе азайган.

Коронавируска чалдыккандардын азайышы Кыргызстандын бардык аймактарында байкалган. Баарынан да Нарын облусунда ооругандардын саны 92,54%га түшсө, эң азы Бишкек шаарында 73,24%га төмөндөгөн.