Пневмония менен ооругандардын саны 24% га өстү

21 июля 2021, 11:30

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча ушул жылдын январь-июнь айларында  республика боюнча жалпысынан 16 миңден ашуун пневмония оорусу катталды. Көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24,3% га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

Өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу пневмония оорусунун эң чоң өсүшү Нарын облусунда - 1,7 эсе, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында - 1,6 эсе жогорулаган. Ошол эле учурда, оорулардын саны Баткен облусунда - 25,3% га жана Талас облусунда - 20,1% га азайган.

Пневмония менен ооругандардын жалпы санында эң көп үлүш Чүй облусуна - 20,3%, Жалал-Абад облусуна - 17,6% жана Ош облусуна - 15,1% туура келген.