Кыргызстанда чийки мунай жана жаратылыш газын өндүрүү 80,26% га өстү

14 августа 2021, 13:21

Июль айында Кыргызстанда чийки мунай менен жаратылыш газын өндүрүүнүн көлөмү 596 миллион 908 миң сомго бааланды, деп жазды Улуттук статистикалык комитет.

Өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу ал 80,26%га, физикалык жактан алганда - 29,6%га өстү. Жети айдын ичинде, январдан июлга чейин өсүш дээрлик 1,2 миллиард сомду түздү.

Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө мунай жана газ өндүрүшүнүн салымы 2,8%дан бир аз көбүрөөк бааланды.