Кыргызстанда мамлекеттик ипотека 6% түшөт

11 апреля 2019, 16:29

Мамлекеттик ипотека саясаты да менин жеке көзөмөлүмдө -деди  Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда. 

Сиздер билгендей, турак жайга мамлекеттик ипотеканын пайызын 14төн 7 пайызга төмөндөттүк.

Аны 6 пайызга түшүрүү – келечек максатыбыз.

Кечээ жакында Мамлекеттик ипотека комапниясынын жетекчисин кабыл алдым. Компания бул милдетти аткарууга даярдыгын билдирди. Бюджеттен гана эмес, сырттан инвестиция тартуу тапшырмасын бердим. Жетекчилерге кайрыларым, инвесторлор, донорлор менен иштөөнү жолго койгула.

Келечекте төмөн пайыз менен мамлекеттик ипотека бюджет кызматкерлери, врач, мугалимдерге гана эмес, бардык эле турак жайга муктаж жарандарыбызга бериле баштайт.