MEGA ишканасы 170,3 млн долларга бааланууда

13 апреля 2023, 09:33

Кечээ, 12-апрелде Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте "Альфа Телеком" ЖАКтын (MEGA соода маркасы) акцияларынын мамлекеттик пакетин баалоону камсыз кылуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйында мамлекеттик оператордун баасы белгилүү болду. "Акчабардын" өздүк булактарынын маалыматы боюнча, бул сумма 14 миллиард 590 миллион 603 миң сомду, же 170 миллион 292 миң долларды түздү.