Кыргызстанда уй эти 1,29%га арзандады

21 января 2022, 10:01

Кыргызстанда 20-январга карата уй этинин бир килограммынын орточо баасы 476,62 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Бул Кара-Балта жана Бишкек шаарларында уй этинин өздүк наркынын төмөндөшү менен шартталган, анда баа тиешелүүлүгүнө жараша 0,71% жана 2,26%га арзандаган.

Ошол эле учурда эң арзан уй этинин килограммы (419,52 сом) Манас районунун Покровка айылында, эң жогорку баа (502,48 сом) Ош шаарыда катталды.