Кыргызстанда 80ге жакын уруксатсыз курулуш бар

19 июля 2022, 13:18

Мамкурулуштун архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда республикада 78 уруксатсыз курулган объект бар. Бул тууралуу коррупцияга каршы координациялык кеңешменин жыйынында Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Мирлан Майтпасов билдирди.

Анын айтымында, 78 курулуштун 36сы Бишкекте, 24ү Ош шаарында, 15и Жалал-Абад облусунда, үчөө Чүй облусунда жайгашкан.

Ал белгилегендей, уруксат берилбеген объектилердин басымдуу бөлүгүн көп кабаттуу үйлөр түзөт.