2023-жылы электрондук тамекилер 100 сомго кымбаттайт

1 августа 2022, 14:43

Кыргызстанда чылым жыл сайын 10 сомго, ал эми электрондук тамекилер 100 сомго кымбаттайт. Токтомдун долбоору министрлер кабинетинин коомдук талкуусуна коюлду.

Бул ченемдик укуктук акт республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, тамеки жана никотин камтыган азыктарды керектөөнү кыскартуу жана калктын саламаттыгын чыңдоо максатында киргизилүүдө.

Алсак, 2022-жылдын июль айында 20 даана тамекинин минималдуу чекене баасы 100 сом болсо, 2023-жылдын январь айынан тарта 105 сомго, дагы алты айдан кийин 110 сомго чейин көтөрүлөт. Натыйжада 2026-жылдын июль айына чейин чылым чеккен адам тамеки үчүн 140 сом төлөйт.

2026-жылдын 1-июлунан тартып никотин суюктугу менен бир жолу колдонулуучу электрондук никотин жеткирүү системалары 700 сомдон кем эмес боло турган болсо, ушул жылдын июль айына карата бул сумма 300 сомду түзөт. Демек, баасы жыл сайын 100 сомго көтөрүлөт.

Тамекиге жана курамында никотин бар продукцияга белгиленген минималдуу чекене баанын сакталышын контролдоо Мамлекеттик салык кызматына жүктөлөт.