Кыргызстандан Европага түз аба каттамы ачылышы мүмкүн

1 февраля 2024, 11:46

Кыргызстанга авиация тармагын өнүктүрүүгө жардам берип жаткан “Avia Solution LTD” компаниясы 2025-жылга чейин өлкөдөгү беш авиакомпания менен келишим түзүүгө ниеттенүүдө.

Маалыматка ылайык, алардын эң көрүнүктүүсү немистердин “Eurowings” бюджеттик авиакомпаниясы. Компания Кыргызстандан Европага биринчилерден болуп Дюссельдорф, Берлин жана Прага багыттары боюнча аба ташууну ишке ашырууга кызыктар болууда.

"Бирок, учурда ЕБ өлкөлөрү үчүн Орусиянын аба мейкиндигинин жабык болушу негизги тоскоолдук болууда. Бирок сүйлөшүүлөр уланып жатат, аба жолу ачылаары менен “Манас” аэропорту алардын Борбор Азиядагы биринчи пункту болуп калышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта. 

Мындан тышкары, түркиялык “Sun Express”, “Corendo Airlines”, Индиянын “Indigo” жана вьетнамдык “VietJet Air” компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.