Бир жылда эт орточо эсеп менен 12,45% кымбаттады

5 января 2023, 17:35

Кыргызстанда бир жылда эт орточо эсеп менен 12,45% кымбаттады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын сайтына жарыяланды.

Быйыл, 2023-жылдын 4-январына карата өлкө боюнча койдун орточо баасы 520 сомду түздү. Бул 2022-жылдын 5-январына салыштырмалуу 13,04%га көп. Уй эти бир жылда 9,47%га кымбаттап, орточо эсеп менен 506,3 сомго бааланды.

Эң көп тоок эти 14,83%га өскөн. Кечээ, 4-январга карата тоок эти орточо эсеп менен 266,3 сомду түздү.