Кыргызстанда кант өндүрүү 232% өстү

17 ноября 2022, 13:08

Быйыл алгачкы он айда Кыргызстанда 49 миллиард 72 миллион 958,6 миң сомдук айыл чарба өнүмү өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42,45%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргызстандын өнөр жайынын негизги экономикалык көрсөткүчтөрү” аттуу ай сайын чыгуучу бюллетенде жарыяланды. 

“Акчабардын” маалыматы боюнча, эң көп кант өндүрүү 232,32%га, ошондой эле өсүмдүк, мал майы жана майларды өндүрүү 211,59%га өскөн. Ун жана дан азыктары, крахмал жана крахмал азыктарын өндүрүү байкаларлык 87,87%га жогорулаган. Ал эми балыктарды, рак сымалдууларды жана моллюскаларды кайра иштетүү 74,07%га өскөн. Макарон жана татымалдарды чыгаруу 50%дан ашык өскөн. 

Тескерисинче, жүзүмдөн шарап өндүрүү 11,28%га төмөндөсө, чай жана кофе өндүрүү 11,64%га кыскарган.