Кыргызстанда лифт жабдууларын чыгаруучу завод ишке кирет

21 января 2022, 15:45

Кыргызстанда “SKY Industrial Group” лифттерин чыгаруучу алгачкы завод курулууда. Курулуш иштеринин жүрүшү менен Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурадил Баясов таанышты.

Маалым болгондой, лифт жабдууларын чыгаруучу заводду ишке киргизүү долбоору Инвестициялар жана өнүктүрүү агенттигинин адистеринин коштоосунда жүрүп жатат.

“Завод Кыргызстандагы лифт жабдууларын жана көтөрүүчү механизмдерди чыгарган жылына 3000ден ашык жабдууларды чыгаруучу кубаттуулугу менен өлкөдөгү биринчи ишкана болот. Ишкананын ишке кириши 200дөн ашык жаңы жумуш орундарын түзүүнү камсыздайт. Бардык өндүрүш линиясы Кытай, Түштүк Корея жана Кыргызстандын адистери менен биргеликте долбоорлонгон”,- деп айтылат мекеменин маалыматында.

Ишкана инновациялык технологиялар бөлүмүнөн, жабдуулардын тетиктерин, элементтерин сыноону жүзөгө ашыруучу өндүрүштүк лабораториялардан, көргөзмө залынан ошондой эле “SKY” сыноо мунарасынан турат. Долбоордун жалпы баасы 110 млн сомду түзөт.

Ишкана өз продукциясын Кыргызстандын рыногуна гана сатпастан, Борбор Азиянын рыногуна чыгууну пландаштырууда.