Кыргызстанда электрондук капчыкты колдонгондордун саны дээрлик 1.6 млн түзөт

15 января 2020, 16:00

Өткөн жылдын III кварталынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда дээрлик 1.6 млн электрондук капчык катталган. 2018-жылдын III кварталы менен салыштырып караганда, капчыктын саны 1.5 эсеге өскөн. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет. 

Маалыматка ылайык, товар жана кызматтарды электрондук капчык аркылуу төлөөнүн көлөмү, 2018-жылга салыштырмалуу 1.5 эсеге жогорулап, 1.6 млрд сомду түзгөн. 

Белгилей кетсек, учурда 10 коммерциялык банкка тиешелүү 11 электрондук капчык бар.