Кыргызстанда канттын баасы көтөрүлбөйт

27 октября 2022, 15:21

Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги кант заводдорунун жана соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтына жарыяланды.

Келерки дүйшөмбү, тагыраагы 31-октябрдан тарта Министрлер кабинетинин кум шекерге салган кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкалары боюнча токтому күчүн жоготот.

Буга байланыштуу баа маселелери талкууланып, кант сатуу базарында кызматташуу боюнча жаңы келишим түзүү талкууланды.

Жыйындын аягында кумшекердин баасын көтөрбөө, жеңилдетилген бааны эске алуу менен мурдагы деӊгээлде калтыруу, рыноктун шарттары өзгөргөн учурда бааны төмөндөтүү чечими кабыл алынды.

Мында заводдорго жана соода түйүндөрүнө өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргызстандын монополияга каршы мыйзамдарынын нормаларын так сактоо сунушталат.