Кыргызстандык дыйкандардын түшүмү дүйнөлүк рынокто органикалык деп эсептелбейт
Кыргызстандын бир дагы чарбасы органикалык өндүрүш боюнча эл аралык сертификатка ээ эмес. Бул тууралуу журналисттерге BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын директору Искендербек Айдаралиев билдирди.
Бүгүнкү күндө бүткүл республика боюнча органикалык кыймылдын принциптерине негизделген жергиликтүү жамааттар тарабынан туруктуу айыл чарбасынын үлгүсү болгон органикалык аймактар түзүлүүдө. Республика боюнча алардын саны 9 болуп, Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын 23 айылында түзүлгөн. 2021-жылдын аягына карата колунда жергиликтүү органикалык сапат сертификаты менен 1 миң 56 фермер бар.
“Биз азырынча жергиликтүү рынок үчүн гана сертификация системасын түзүп, дыйкандарыбыз ички рынокко мөмө-жемиштерди өстүрсө дагы, эл аралык талаптарга жооп берген сертификатыбыз жок”, - деди Айдаралиев.
Кыргызстандагы органикалык аймактардын көбү тоолуу аймактарда жайгашып, монокультураларды, негизинен картошканы, чөптөрдү жана дары чөптөрдү өстүрүшөт. Учурда 7 миң гектар жерге себүү иштери кызуу жүрүп жатат.