Жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү жыл ичинде дээрлик 41% өстү

20 декабря 2022, 10:47

Былтыр, 2022-жылдын ноябрь айынын аягында жүгүртүүдө 194 миллиард 491,5 миллион сомдук монеталар жана банкноттор болгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 138 миллиард 149,6 миллион сомго бааланган. Бир жыл ичинде ал 40,8% өскөн. 

Кошумчалай кетсек, 2021-жылы Улуттук банк жүгүртүүгө чыгарылган банкнотторду жана монеталарды чыгарууга 434,8 миллион сом короткон.