Кыргызстанда дүң жана чекене соода жүгүртүү 25,7% өстү
Кыргызстанда ушул жылдын январь-июль айларында дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү 381 миллиард 213,4 миллион сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,7%га өстү. Мындай тыянактарды Улуттук статистикалык комитеттин маалыматынан чыгарууга болот.
Ошол эле мезгилде чекене соодага олуттуу үлүш туура келген. 2022-жылы жалпы көлөмдүн 43,1% түзгөн.
Кошумчаласак, 2021-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу дүң жана чекене сооданын, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы жүгүртүүсүнүн өсүшү Талас облусунан башка республиканын бардык аймактарында байкалган.