Кыргызстанда ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту түзүлдү

31 декабря 2021, 11:06

Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту түзүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Аталган чечим министрлер кабинетинин ченем жаратуу ишинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ченем жаратуу процесстерине илимий ыкмаларды киргизүү максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана "Министрлер кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 17, 22-беренелерине ылайык Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтун түзүү чечими кабыл алынды.

Аны менен катар Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту жөнүндө жобо бекитилди