Кыргызстанда финансылык сабаттуулук боюнча 900 адам окутулду

21 сентября 2022, 09:53

Улуттук банк менен ЕККУнун Программалык кеңсесинин ортосундагы кызматташуунун алкагында өлкөнүн бардык аймактарында финансылык сабаттуулук боюнча 42 күндүк семинарлар өткөрүлдү. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Катышуучулардын жалпы саны 900гө жакын адамды түздү. Семинарларды финансылык сабаттуулук боюнча атайын даярдалган квалификациялуу тренерлер өткөрүштү.

Кыргызстандыктар каржылык максаттар жана финансылык план, үй-бүлөлүк бюджет, насыялар жана депозиттер, каржылык керектөөчүлөрдүн укугун коргоо сыяктуу темалар боюнча финансылык билимдерин кеңейтишти.

Маалым болгондой, тренингдин жүрүшүндө интерактивдүү ыкмалар менен практикалык көнүгүүлөрдү эсептөө, кырдаалды талдоо, оюндар, видео жана слайддарды көрсөтүлдү.