Кыргызстанда органикалык сертификаттарды берүүчү лаборатория ачылат

25 мая 2022, 15:58

Быйыл күзүндө Кыргызстанда органикалык сертификаттарды берүүчү биринчи лаборатория ачылат. Бул тууралуу журналисттерге айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Лабораториянын ишке кириши органикалык продукциянын экспортунун көлөмүн жана мындай өсүмдүктөрдү өстүрүү менен алектенген чарбалардын санын көбөйтөт.

"Дыйкан органикалык заттар менен алектенүү үчүн лабораторияга арыз жазып, өзүнүн аянтын даярдашы керек. Үч жылдын ичинде арыз бергенден кийин Айыл чарба министрлигинин адистери жер кыртышын текшерип, анын сапаты тастыкталгандан кийин дыйкан бул жаатта органикалык айыл чарба менен алектене алат”,-деди министр.

Бирок бул лаборатория Айыл чарба министрлигинин департаментинин курамында түзүлүп, анын сертификаттары республиканын ичинде жана ЕАЭБ аймагында гана жарактуу болот.

Белгилеп кетсек, BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын директору Искендербек Айдаралиевдин айтымында, Кыргызстанда органикалык сертификаттарды берүү системасы ички рынок үчүн гана түзүлүп, өлкөдө эл аралык талаптарга жооп берген сертификаттар азырынча жок.