Кыргызстанда тамак-аш азыктарына болгон баанын саны өсүүдө

9 сентября 2019, 09:57

Кыргызстанда июль айында керектөөлөргө болгон баанын саны 2018-жылга салыштырмалуу 1.5% өскөн. Тамак-аш азыктарына болгон баанын саны - 2.8%, башка товар жана кызматтарга 0.1%, ж.б. товарларга - 1.9% га өскөнүн Евразия экономикалык комиссиясы билдирет. 

ЕАЭС мамлекеттер ичинен бул эң төмөн көрсөткүч болуп эсептелинет. 2018-жылдын июль айына салыштырмалуу товарларга жана башкаларга болгон баанын саны Беларусияда – 6%, Казакстанда – 5.4%, Россияда – 4.6%, Арменияда – 1.7% өскөн. 

Кошумчалай кетсек, 2018 – жылга салыштырмалуу товарларга жана башкаларга болгон баанын саны ЕАЭС мамлекеттер ичинен июль айында 104.6% түзгөн. 

ЕАЭС мамлекеттердин керектөөчү товарларга болгон баанын саны 2018-жылдын июль айына салыштырмалуу - 105.8% түзгөн. ЕАЭСтен жогорку көрсөткүч, Казакстанда – 108.7%, Беларусияда – 106.7% түзгөн.