Жыл аягында экспорттун көлөмү 6.2% төмөндөшү күтүлүүдө

27 августа 2020, 10:01

2020-жылы экспорт товарлардын көлөмү 1 млрд 842.7 млн долларды түзүп, 6.2% (номалдуу көрсөткүч боюнча)  төмөндөйт. Бул маалыматты республиканын финансы министрлиги маалымдады. 

 

Белгиленгендей, товарлардын импорту 11.4% төмөндөп, 4 млрд 343 млн долларды түзөт. 

 

Бул мунай продуктуларынын, белгилүү бир тармактар ​​үчүн атайын иштелип чыккан машиналардын, электр машиналарынын, жабдуулардын жана аппараттардын, жер транспортунун, кара металлдардын жана алардан жасалган буюмдардын жана башка товарлардын импортунун азайышына байланыштуу.