Кыргызстанда бензин арзандады — Антимонополия

7 февраля 2023, 13:43

Дүң соода сегментинде баанын төмөндөшүнө байланыштуу 2023-жылдын башынан тартып чекене сегментте күйүүчү-майлоочу майларга баанын төмөндөө тенденциясы байкалган. Бул тууралуу Монополияга каршы кызматы билдирди.

Бишкекте жыл башына салыштырмалуу АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин арзандашы 1 литри 5 сомду, дизель майынын 1 литри 1,2 сомго чейин арзандады.

Кызмат төмөндөө Бишкек шаарында да, республиканын башка аймактарында да майда нефтетрейдерлердин баасына таасирин тийгизгенин белгилейт.

"Февраль айында баа рыноктун негизги оюнчулары тарабынан акырындык менен төмөндөйт. Бул күйүүчү-майлоочу майдын 1-1,5 айлык запасын эске алуу менен пландалууда, - деп билдирди Монополияга каршы кызмат.