Кыргызстанда жылкынын эти арзандады

24 января 2023, 09:53

Январдын башынан бери Кыргызстанда жылкынын эти 7 сомго арзандады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Алсак, 2-январда эттин баасы 467,18 сом болсо, 20-январда 460,15 сомго чейин же 1,5% төмөндөгөн.

Ошол эле учурда уй эти 0,4%га кымбаттап, кой эти тескерисинче 0,09%га арзандады.