Улуттук банктан казакстандык электрондук акча оператору лицензия алды

18 февраля 2022, 09:04

15-февралда Кыргызстандын Улуттук банкы «ПэйДала» жоопкерчилиги чектелген коомуна төлөм системасынын оператору катары иштөөгө лицензия берди. Бул тууралуу борбордук банктын сайтында маалымдалды.

Алсак, компания төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг), товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө уруксат алган.

Кошумчалай кетсек, «ПайДала» ЖЧКсынын сайтына караганда, бул казакстандык компания. Ал эми кыргыз рыногуна Cashello.kz электрондук капчыгы менен кирет.