Кыргызстанда дагы үч виртуалдык актив оператору пайда болду

17 апреля 2024, 12:07

Кыргызстанда дагы үч виртуалдык актив оператору пайда болду. 8-апрелден 12-апрелге чейин Финчалгындоо кызматы лицензиялык жана уруксат берүүчү документтерди берди.

Тактап айтканда, "КриптоГейт" ЖЧКсы, "Аккула-ЮТ" ЖЧКсы жана "Телепортс" ЖЧКсы виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иштөөгө лицензия алышкан.

Мындан тышкары, "Роял Дилинг" ЖЧКсы брокердик, дилердик ишмердүүлүктү жана инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө лицензия алган.