Бишкекте көз карандысыз директорлордун профессионалдык ассоциациясы түзүлдү

16 сентября 2021, 17:18

Бишкекте 15-сентябрда Кыргызстандын көз карандысыз директорлор палатасынын расмий ачылыш аземи болду. 

Иш-чаранын конокторунун арасында Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын башчысы Арзыбек Кожошев, Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев, экономика жана финансы министринин орун басары Бекболот Алиев, "Сенти" брокердик компаниясынын башчысы Мээрим Аскарбекова, банк секторунун жогорку жетекчилиги жана ар кандай тармактардагы ишкерлер болду.

Биринчи сөз көз карандысыз директорлор палатасынын башкармалыгынын төрагасы Сейтек Дүйшөналиевге берилди.

"Бир нече жыл мурун мен Кыргыз Республикасынын банктарынын биринин директорлор кеңешине катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Анан ошондон бери менин корпоративдик башкарууга болгон кызыгуум эселеп өстү”, - деп эскерди Сейтек Дүйшөналиев. - Бизде корпоративдик директорлор менен баарлашууга жер жок. Биз бири-бирибиз менен жана мамлекеттик органдар менен кесиптик маселелерди талкуулай турган аянтча жок. Мына ушундай профессионалдык коомчулукту түзүү идеясы жаралган. Башында көз карандысыз директорлор клубу болгон, бүгүн биз көз карандысыз директорлор палатасына айландык", - деди ал.

Меймандар алдында сүйлөп жатып, экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев мыйзамдарда белгиленген көз карандысыз директорлорго берилген квоталарга карабастан, Кыргызстанда бул механизм толук ишке ашпай калганын өкүнүү менен белгиледи.

"Тажрыйба көрсөткөндөй, республикада биздин мамлекеттик компанияларда көз карандысыз директорлордун болушунун курч маселеси бар. Буга байланыштуу, биз учурда Инвестициялар министрлиги менен көз карандысыз директорлордун ролун күчөтүү механизмдерин иштеп чыгуудабыз. Бул иштин натыйжасы көз карандысыз директорлордун реестрин түзүү жана мамлекеттик үлүшү бар компанияларда көз карандысыз директорлор институтунун ролун жогорулатуу болот", - деди Алиев.

Конокторго Мамлекеттик финансылык көзөмөл органынын башчысы жана Кыргызстандын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү Айнура Айбалаева сүйлөп, алар мындай институттун өлкөдө пайда болушунун маанилүүлүгүн айтып, палата алдыга койгон дымактуу, бирок ишке ашуучу максаттарды белгилешти.

Ал эми көз карандысыз директорлор палатасынын президенти Кайрат Итибаев уюмдун максаттары тууралуу кененирээк айтып берди.

"Биздин ассоциациянын максаттары - корпоративдик башкаруунун сапатын жакшыртуу жана албетте, алдыга жылдыруу. Биздин кардарлар корпоративдик директорлор, менеджерлер, акционерлер, бизнес ээлери. Биз аларга эмне беребиз? Биз билим берүүчү иш-чаралар аркылуу квалификация жогорулатабыз, резиденттерибизди компанияларды башкарууга киргизүү менен корпоративдик башкаруу системасын өркүндөтөбүз. Консультация, экспертиза жана сертификация жүргүзөбүз”, - деп түшүндүрдү Итибаев.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин, Палата ассоциациянын сертификаттарын жана төш белгилерин тапшыруу менен биринчи мүчөлөрдү өз катарына кабыл алды.

Алардын арасында "Акчабар" финансылык порталынын башкы директору Нурдин Султамбаев да уюмга мүчө болду.

Расмий бөлүктөн кийин коноктор корпоративдик башкаруунун сапатын жогорулатуу жана Кыргызстанда көз карандысыз директорлор институтун өнүктүрүү маселелерин жеке талкуулашты.