Өзбекстанга автотранспорт менен көмүр ташуу сунушталууда

14 декабря 2022, 11:03

Энергетика министрлиги Министрлер кабинетинин “Көмүр ташуунун айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Документ коомдук талкууга коюлду.

Эске салсак, октябрь айынын аягында Кыргызстанда өлкө калкын көмүр менен камсыз кылуу максатында алты айга автотранспорт менен көмүр ташып чыгууга тыюу салынган.
Энергетика министрлиги түштүк облустарынан көмүрдү Өзбекстанга кыргыз-кытай жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу автотранспорт менен ташууга уруксат берүүнү сунуштап жатат.

“Нормативдик-укуктук актынын кабыл алынышы Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан көмүр казуучу ишканаларга чарбалык иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ошентип, бул жогоруда аталган аймактардын тургундарына өздөрүнүн экономикалык бакубаттуулугун толуктоого кошумча мүмкүнчүлүк берет», - деп түшүндүрүштү Энергетика министрлигинин кызматкерлери.