Өлкөгө контрабанда ташып келгендердин унаалары конфискацияланат

4 ноября 2022, 09:10

Аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар мындан ары унаасы менен кошо конфискацияланат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Салык кызматы ишкерлерди товарларды импорттоодо Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында мыйзам нормаларын так сактоого чакырат.

Маалыматта мыйзамсыз товар ташууга каршы иш-чаралар күчөтүлгөнү айтылат.