Кыргызстанда ИДПнын өсүшү 1,1% түздү

1 июня 2021, 10:20

Кыргызстандын экономикасы иш-аракеттерди акырындык менен жандандыруунун фонунда биринчи позитивдүү сигналдарды көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, ушул жылдын январь-апрель айларында "Кумтөр" кенин иштетип жаткан компанияларды эсепке албаганда, ИДПнын реалдуу өсүшү 1,1% түздү.

2021-жылдын биринчи айларында өлкөнүн ИДПсы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,9% га төмөндөп, 71,5 миллиард сомду түзгөн.