Кыргызстанда бюджеттин профицити 7,8 эсе өстү

23 ноября 2023, 10:30

Армения жана Кыргызстанда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда бюджеттин профицити тиешелүүлүгүнө жараша 1,4 эсе жана 7,8 эсеге өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Казакстанда тескерисинче бюджеттин тартыштыгы 2,8 эсеге өскөн. Россиядагы кырдаал профициттен тартыштыкка өзгөрдү.

2023-жылдын 1-октябрына карата улуттук валютадагы мамлекеттик карыз Арменияда 10,5%, Казакстанда 22,2%, Кыргызстанда 26,9%, Орусияда 30,8% көбөйгөн.

Кызыгы, мамлекеттик карыздын структурасында Армения менен Кыргызстанда тышкы карыз үстөмдүк кылса, Казакстан менен Орусияда ички карыз үстөмдүк кылат.