Кыргызстандын бюджет профицити тартыштык менен алмаштырылды

1 декабря 2022, 13:05

Ушул жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин кирешеси 211 миллиард 95 миллион 665,8 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Анда чыгашалар каржылык эмес активдерге инвестицияларды эсепке алуу менен 211 миллиард 306 миллион 522,8 миң сомду түздү. Муну менен бюджеттин тартыштыгы 210 миллион 857 миң сомду түздү.

Мындан бир ай мурун, 2022-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан республикалык бюджетти профицит менен аткарган Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн бири болду.

“Республикалык бюджет Арменияда, Кыргызстанда жана Орусияда профицит менен аткарылды. Орусияда профицит 2,9 миллиард долларды, Арменияда 100 миллион долларды, Кыргызстанда 30,9 миллион долларды түздү”,- деп билдирет ЕЭК.

Мында Кыргызстан мамлекеттик бюджеттин профицитин сактап калууга жетишти. Ал он айдын жыйынтыгы боюнча 4,8 млрд сомду түзгөн. Бирок январь-сентябрь айларында 32,6%га кыскарган.