Кыргызстанда тирүүлөй салмакта 387,5 миң тонна эт өндүрүлдү

15 декабря 2021, 16:29

Быйылкы жылдын январь-ноябрь айларында республиканын бардык категорияларындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан тирүү салмакта 387,5 миң тонна эт өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 7 миң 54 тоннага же 1,9%га көп.

Республикада эт өндүрүүнүн көбөйүшү чочко менен бакма канаттуулардан башка айыл чарба малынын санынын өсүшүнө байланыштуу болгон.

Маалым болгондой, республиканын бардык аймактарында 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу эт көп өндүрүлгөн.