Кыргызстанда 1.5 млн тоннадан ашык сүт өндүрүлгөн

24 декабря 2019, 15:00

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айында ЕАЭСке мүчө болгон мамлекеттер 110 млрд $ продукция чыгарышкан. Өткөн жыл менен салыштырып караганда, көрсөткүч 3.3% өскөн. Бул тууралуу ЕЭК билдирет.

Кыргызстанда отчеттук мезгилде 1.5 млн тонна сүт өндүрүлгөн. 375 миң тонна мал жана канаттууллардын эти жана 525 млн даана жумуртка өндүрүлгөн. 

Кыргызстандан аз өлчөмдө Армения - 69 миң тонна мал жана канаттууларды, 574 миң тонна сүт жана 600 млн жумуртка өндүргөн. 

Россия - 13.4 млн тонна мал жана үй канаттууларын, 29 млн тонна сүт, 41.1 млрд даана жумуртка чыгарып, өндүрүштүн эң көп  үлүшүн ээлеген.