Кыргызстанда 290 миңден ашуун тонна эт өндүрүлгөн

16 октября 2019, 13:00

2019 – жылдын январь-сентябрь айларында КР ишкерлери 289.4 миң тонна эт өндүрүшкөн. Өткөн жыл менен салыштырып караганда, өндүрүш 2% көп болгон. Бул тууралуу айыл-чарба министрлиги маалымдайт. 

Көлөмдүн көбөйүшүнүн себеби малдын жана үй  канаттуулардын көбөйгөнү менен байланыштуу. Эт өндурүмдүүлүгүнүн өсүүсү бардык облустарда байкалат. 

Андан сырткары, 1.2 млн. тонна сүт, 444 миң жумуртка жана 13 миң тонна жүн өндүрүлгөн.