Ош шаарында чийки сүт өндүрүү 26,4%га кыскарды

20 марта 2023, 13:36

Быйыл январь-февраль айларында Кыргызстанда чийки сүт өндүрүү 1,6%га өскөн. Мындай тыянакты Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып чыгарууга болот.

Алсак, бул аралыкта өлкө боюнча 171 миң 412 тонна сүт өндүрүлгөн. Эң көп 49,4 миң тонна Чүй облусунда өндүрүлгөн. Ошол эле учурда, Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүү 4,2%га өскөн. Бирок, Ош шаарында сүт өндүрүү 26,4%га кыскарган.

Мында ар бир уйдан орточо сүт саап алуу 207,4 килограммды түздү. Өлкө боюнча орточо көрсөткүчтөн жогору сүт саап алуу Чүй (347,4 кг), Талас (289,4 кг) жана Ысык-Көл (240,8 кг) райондорунун чарбаларында байкалды.