ЭКСПО-2022 аялдардын ишкердик көргөзмөсү өтөт

28 октября 2022, 15:00

Кыргызстанда ЭКСПО-2022 аялдар ишкердигинин көргөзмөсү аймактык деңгээлде өтөт. Бул тууралуу БУУнун Аялдар уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөдө Кыргызстандын жети дубанынан келген ишкер айымдар өз өнүмдөрүн коомчулукка тааныштырып, инвесторлор менен жолугушат.

Келерки аптанын 1-ноябрында Бишкекте “Бишкек Парк” соода борборунда өлкөнүн бардык аймактарынан келген 60тан ашык ишкер айымдардын товарларынын жана кызматтарынын жарманке-көргөзмөсү болот.

Ошону менен бирге, 2-ноябрда B2B форматындагы платформа уюштурулуп, анда жогорку даражалуу чиновниктердин жана баяндамачылардын катышуусунда актуалдуу темалар, маселелер, аялдардын ишкердиги боюнча сунуштар боюнча панелдик сессия өткөрүлөт. Күндүн экинчи жарымында параллелдүү питчингдер өтүп, ага 40тан ашык ишкерлер катышат. Алар ЭКСПО-2022 аймактык онлайн көргөзмөсүнө (2022-жылдын 16-17-ноябры) катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн күч сынашып, бизнести өнүктүрүү үчүн инвестиция алуу мүмкүнчүлүгү үчүн Чыгыш Европадан келген катышуучулар менен ат салышат.