Кыргызстан экспорттоо үчүн 34 миң тонна продукцияны текшерди

19 апреля 2021, 14:00

 

Эки жуманын ичинде өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери экспорттоо үчүн 34 миң тонна атамекендик айыл чарба продукциясын текшеришти, деп маалымдайт  Айыл чарба министрлигинин Facebook баракчасы.

Товарлар буюмдун үлгүлөрүн алуу менен текшерилген. Мындан тышкары, ЕАЭБдин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына ылайык ташуунун шарттары жана сактоо эрежелеринин сакталышы менен таанышуу болду.