Кыргызстанда жашоо минимумунун өлчөмү 22% га өстү

15 октября 2021, 09:48

 

Үчүнчү кварталда Кыргызстанда жашоо минимуму 6 миң 382,69 сомду түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,2%га өстү. Өсүшү июль-сентябрь айларында республиканын бардык аймактарында байкалган.

Жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда - 6 миң 767,32 сом, эң төмөнкү көрсөткүч Талас облусунда - 5 миң 850,11 сом.

Ошол эле учурда жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Баткен облусунда белгиленди, ал бир жыл ичинде 26,17% га жогорулаган, эң азы Ош облусунда катталып 17,59%ды түздү.