Кыргызстанда онлайн-насыя алууга уруксат берилиши мүмкүн

24 декабря 2019, 09:28

Чакан насыя берүүчү уюмдар эми мындан ары насыяны онлайн түрүндө бериши мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоору КР Улуттук Банкынын коомдук талкуусуна коюлду.

Чакан насыя берүүчү уюмдар, 15 миң сом өлчөмүндөгү ($214) онлайн-насыяны, электрондук негизде түзүлгөн келишим жана электрондук кол тамга аркылуу бере алышат. Ал эми 150 миң сомго чейин, күчөтүлгөн электрондук кол тамга аркылуу ала алышат.

Муну менен катар, Улуттук банк каржы уюмдарына насыя портфелди кылдат текшерүүнү сунуштайт.